• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Бабановдун жакындарын процесске киргизбей, уруш чыкты

22 Кулжа 2021 10:15 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 22-июнда Бишкек шаардык сотунда «Кумтөр иши» боюнча камакка алынган мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабановдун баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу анын адвокатынын арызы каралып жатат. Соттук отурумга Бабановдун жакындары кирүү ниетин билдиришип, акыры пикир келишпестик жаралды.

Ушул тапта соттун имаратынын алдына Бабановдун тарапташтары анын боштондугун талап кылып жатышат. Жараянга Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Жээнчероев, Нурбек Тотоновдор келгенин көрүүгө болот.

Бабанов 31-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка баргандан кийин кармалган. Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып коюлган мурдагы премьер-министр Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен 31-июлга чейин камалган.

2011-2012-жылы премьер-министр болуп турган Бабанов өзүнө козголгон кылмыш ишин четке кагып жатат.

Количество просмотров: 2143