• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Бабановго карата тергөө иштери эмне болду?

10 Тогуздун айы 2019 9:35 Бишкек Govori.TV

Саясатчы Өмүрбек Бабанов күбө катары өтүп жаткан иштер тергелип бүтө элек. Бул тууралуу каржы полициясынан Govori.TVга кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бабанов бир катар иштерде күбө катары сурак берген. Учурда иш териштирилип жатат жана тиешелүү күбөлөр сурак берүүдө. Ал эми Бабанов азырынча суракка чакырыла элек.

Белгилей кетсек, Өмүрбек Бабанов жакында эле Москвага барып келген. Андан соң депутат Руслан Казакбаевдин уулунун тоюнда сыйлуу конок болгон.

Буга чейин Өмүрбек Бабанов өзүнө козголгон иштер боюнча УКМК менен Финполицияга бир нече жолу сурак берип чыккан.

Количество просмотров: 103