Электр жарыгын мезгил-мезгили менен өчүрүү болбойт. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда «Улуттук энергохолдинг» ишканасынын жетекчиси Таалайбек Байгазиев маалымат жыйында билдирди.
«Электр жарыгы мезгил-мезгили менен өчүрүлбөйт. Оңдоо иштеринин 80 пайызы бүтүп калды. Облус менен шаарларга коюлган лимиттер чегинен ашып жатат. Жыл башында бекитилген планга ылайык, ар бир облуска электр энергиясын пайдалануу боюнча лимит коюлган. Бирок лимиттерден өтө көп ашып кетип жатабыз. Ошондуктан элибизди электр энергиясын үнөмдөп пайдаланууга чакырып кетем”,-деди Талайбек Байгазиев.