• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

«Байлап койгула бир столбага». Ташиев Нарында жол куруп жаткан компаниянын жетекчисин таап келүүнү тапшырды

2 Теке 20259:35 Бишкек Govori.TV

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын шаарынын эки жолун жасап жаткан подрядчы компаниянын ишмердүүлүгүн текшерүүнү тапшырды.

Жыйында Нарын мэри калаадагы эки чоң жолду (Шералиев, Ленин) «Бета групп» компаниясы жасап, бирок иш жылбай жатканын айткан. Ташиев компаниянын ишин текшерүүнү талап кылып, жетекчисин таап келүүнү айткан.

«Бишкекте болсо Бишкектен, Нарында болсо Нарындан тапкыла. Эгерде келбей турган болсо, Бишкектеги кесиптештер команда бергиле, алар таап, кармап, салып машинеге, анан башкача кылып алып келебиз. Жетекчисин алып келип байлап койгула ушул жерге бир столбага, ушул жерде турсун, тамак да бербей байлап койгула», — деген Ташиев.

Количество просмотров: 242