• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Байсалов Мадумаровдун өкмөттү отставкага кетирүү сунушуна жооп берди

28 Чын куран 2023 13:15 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун өкмөттү отставкага кетирүү сунушуна жооп кайтарды.

Ал социалдык тармактагы баракчасына төмөндөгүлөрдү жазган.

«Адахан Мадумаровдун милдети — кандай болбосун элдин биримдигине бүлүк салуу, кырдаалды туруксуздаштыруу. Биздин эл анын жасалмалуулугун жана деструктивдүүлүгүн айдан ачык көрүп турат», — деди ал.

Эске салсак, 27-апрелде «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы Министрлер кабинетин толук курам менен отставкага кетирүүнү сунуштаган. Буга пенсия өлчөмүнүн жашоо минимумунан төмөн болгону себеп болгон.

Мадумаров Министрлер кабинети Конституцияда жазылган «пенсия, жөлөкпул жана башка социалдык жардам жашоо минимумунан төмөн эмес өлчөмдө болушу керек» деген талапты аткарбай жатканын сындаган.

Количество просмотров: 171