• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Байсалов манасчы Сыдыковдун өлкөдөн чыгып кетиши тууралуу пикирин айтты

5 Бугу 2022 19:08 Бишкек Govori.TV

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов манасчы Дөөлөт Сыдыковдун өлкөдөн чыгып кеткени тууралуу маалымат боюнча пикирин фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ал президент тарабынан манасчыларга, төкмө акындарга, дастанчыларга өзгөчө көңүл бөлүнө баштаганда Дөөлөт Сыдыковдун араткети көңүлдү иренжиткен окуя болгонун айтты.

«Дөөлөт Сыдыков башында мамлекеттин жетекчилигинин планына каршы чыгып, Манас айылынын жерин тартып алып жатат деп чыкканда түшүнбөй калса керек деп көп көңүл бурган жок элем. Эми президент өзү барып, жаңы «Манас айылы» кандай болорун көрсөтүп, жер эч кимге кетпей турганы белгилүү болгон соң, ал иштен дагы күмөн санап, элди удургуткан билдирүүлөрдү жасап жатканын көрүп, максатынын ак экенинен күмөн санай баштадым» , -деп айтылат Байсаловдун билдирүүсүндө.

5-майда Бишкектеги «Манас айылынын» жетекчиси Дөөлөт Сыдыков үй-бүлөсү менен Кыргызстандан чыгып кеткени айтылды. Анын өлкөдөн кетүүсүнүн себептери жана кайсы жакка кеткени азырынча белгисиз.

Маалыматтарга караганда, Сыдыков учурдагы жумушун өткөрүп берген.

Количество просмотров: 886