• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Байтерек: Жапаровдун фейсбук баракчасын бузуп киришкен

4 Жалган куран 2021 10:46 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын президентинин басма сөз катчысы Галина Байтерек социалдык тармактардагы мамлекет башчысынын баракчасындагы акыркы комментарийлерге байланыштуу түшүндүрмө берди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

«Президент Садыр Жапаровдун Фейсбук социалдык түйүнүндөгү жеке баракчасы белгисиз бирөөлөр тарабынан бузулду. Ниети бузуктар аталган баракчадан ар кандай посттор менен комментарийлерди калтырышкан. Фейсбук баракчасына жайгаштырылган акыркы комментарийлерге Мамлекет башчысынын эч кандай тиешеси жок. Садыр Жапаров коомчулукта айтылган бардык ой-пикирлерге, анын ичинде сын көз караштарга да сый-урмат менен мамиле кылат. Андыктан ал мындай сөздү эч качан айтпайт», — деп белгиледи Галина Байтерек.

Эске салсак, буга чейин активист Улан Үсөйүн соцтармактагы баракчасына Садыр Жапаровдун билдирүүсүнө пикирин жазган.

Анда депутат Дастан Бекешевдин жаңы Конституцияны сынга алган “Фейсбуктагы” видеонун алдында “Садыр Жапаров” аттуу колдонуучу: “көзү эле эмес, көөдөнү кошо сокур экен бул акмактын – помощник” деген пикир жазган. 

Количество просмотров: 183