Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Байтик айылында жаш балдардын массалык уулануусу катталды. Маалыматты саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан тастыкташты.
Маалым болгондой, 8-декабрда саат 23:00 чамасында Бишкектеги №3 балдар ооруканасына тамакка ууланган 23 бала (8 жаштан 20 жашка чейинкилер) келип түшкөн. Алардын баарына керектүү жардамдар көрсөтүлгөн. Учурда балдардын абалы салыштырмалуу канааттандырарлык деп бааланууда.
«Борбор калаадагы №3 балдар ооруканасына министр Алымкадыр Бейшаналиев өзү балдардан кабар алганы жөнөп кетти. Аламүдүн районунун Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору бул окуя боюнча иликтөө жүргүзүү үчүн эпидемиологиялык топ түздү»,-деп билдиришти министрликтен.