• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Наманганда жүздөгөн баланын ооруканага жаткырылганы боюнча кылмыш иши козголду

25 Аяк оона 2023 9:05 Бишкек Govori.TV

Наманган облусунда жүздөгөн балдардын ооруканага жаткырылганы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу президенттин жардамчысы Саида Мирзиёева билдирди.

Ал президент Шавкат Мирзиёевдин тапшырмасы менен 450 бала ооруканага түшкөн аймакка барды.

“Биз оорукананы карап чыгып, балдардын абалы тууралуу акыркы маалыматтарды алдык. Балдардын маанайы жакшы, баары акырындык менен сакайып, көпчүлүгү үйүнө кайтты. Биз балдардын ата-энелери менен сүйлөшүп, тынчсызданууларын тең бөлүштүк”, — деп жазган ал.

Мирзиёева Наманган прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, Башкы прокуратурага өткөрүп бергенин белгиледи. Иш «Санитардык мыйзамдарды же эпидемияга каршы күрөшүү эрежелерин бузуу» беренеси боюнча козголду.

21-сентябрда Наманган облусуна караштуу Чуст районунда уулануу деген шек менен 70тен ашык бала ооруканага түшкөн. Алар райондогу тогуз бала бакчанын тарбиялануучулары жана эки орто мектептин окуучулары болгон.

Ата-энелер балдарына йод беришкенин билдиришкен. Өткөн аптада Өзбекстанда ар шаршемби сайын балдарга йод берүү өнөктүгү башталган. Балдар йодго ууланган болушу мүмкүн деген версия да текшерилип жаткан.

Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөдө өндүрүлгөн «Антиструмин» калий-йодун тергөө аяктаганга чейин колдонууга тыюу салган.

Кийинчерээк Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Элмира Баситханова “тамак-ашка же дары-дармекке ууланган деген шектенүүлөр азырынча тастыктала элек” деп билдирген. Ал бул сасык тумоо болушу ыктымал экенин айткан.

Количество просмотров: 272