• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Байтикте үч жеңил автоунаа кагышты

2 Бирдин айы 20200:59 Бишкек Govori.TV

Бишкектин четиндеги Байтик айылынын кире беришиндеги негизги жолдо үч жеңил автоунаа кагышты. Бул туурасында Sputnik Кыргызстан агенттиги жазды.

Окуя бүгүн, 1-февралда, саат 19.15дер чамасында болгон

Анын айтымында, окуя бүгүн, 1-февралда, саат 19.15дер чамасында болгон. Анда Subaru Forester, Honda Accord жана Audi 80 үлгүсүндөгү машиналар кагышкан.

«Айдоочулардын билдиргенине караганда, кырсыкка жолдун тайгактыгы себеп болушу мүмкүн. Анткени күндүзү кар эрип, кечинде жолго муз тоңуп калган экен. Катуу жаракат алгандар байкалган жок. Жеңил жараат алгандарды жолдо өтүп бараткан айдоочулар ооруканага алып кетти”, — деди күбө.

Ал ошондой эле кырсык болгон жерге Тез жардам кызматы да чакырылганын кошумчалады.

Количество просмотров: 185