• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

“Бакай Банк” майрамдык кечедеги видео боюнча түшүндүрмө берди

9 Жалган куран 2021 9:07 Бишкек Govori.TV

Бакай Банктын» Бишкектеги филиалдарынын биринде айымдарды куттуктап жаткан маалда болгон жосунсуз окуя үчүн тийиштүү кызмат адамдарга чара көрүлөт. Бул тууралуу банктын башкы маркетологу Зарема Султанбекова билдирди.

Маалыматка караганда, «Бакай Банктын» филиалдарынын биринин кызматкерлери жетекчиликтин макулдугун албастан, 8-мартка карата кече уюштурушкан. Маалыматка ылайык, окуя жумуш убактысынан тышкаркы мезгилде болгон.

“Иш-чара банктын корпоративдик баалуулуктарына жана этикасына каршы келет. Буга байланыштуу кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, күнөөлүүлөр аныкталат. Аларга карата Эмгек кодексине ылайык чаралар колдонулат. Ошондой эле, “Бакай Банк” бул видео үчүн кечирим сурайт жана алдыда бул сыяктуу окуялардын алдын алуу үчүн бардык аракеттерди көрөт”, — деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин социалдык тармактарда «Бакай банктын» кызматкерлеринин корпоративдик иш-чарасында тартылган делген видео тараган. Анда жосунсуз аракеттер болгону үчүн интернет колдонуучулары терс пикирлерди жазышкан.

Количество просмотров: 1145