• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бакай Кашкарбаевдин үстүнөн кылмыш иши козголгон

15 Үчтүн айы 2021 19:28 Бишкек Govori.TV

2020-жылдын 15-17-ноябрында «Facebook» социалдык тармагында «Бакай Кашкарбаев» аттуу колдонуучунун баракчасында бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук көрсөтүү жөнүндөгү видео-тасмалар жарыяланган. бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Тактап айтканда, 2020-жылдын 15-ноябрында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Б.Кашкарбаев өздүгү аныкталбаган адамдардын тобу менен Ысык-Көл облустук прокуратурасынын бөлүмүнүн башчысына карата коркутуу жана зомбулук көрсөтүү туурасында видео билдирүүлөрдү жасап, анда ал жалпы элди көтөрүлүүгө, прокуратура кызматкеринин башын кесүүгө, жанчууга, тиштерин талкалоого жана көздөрүн чукууга чакырган.

Андан кийин, 2020-жылдын 16-ноябрында жогоруда белгиленген адам Ысык-Көл райондук сотунун төрайымынын иш бөлмөсүнө жалпы эрежелерди бузуу менен кирип барып, атайылап провакация кылып сот арачалары менен кайым-айтышууларга түшүп судья Т.Жумаев менен жолугушууну демонстрациялык түрдө талап кылган видео-тасмасын жүктөгөн.

Мындан сырткары, 2020-жылдын 17-сентябрында Ысык-Көл облусунун Каракол шаардык сотунун административдик сотунда жалпы тартип бузуу жоруктарын уланткан видео билдирүүнү таратып, анда ачык түрдө Ысык-Көл облустук сотунун судьясы А.Апышевге жана Ысык-Көл облустук прокуратурасынын бөлүмүнүн башчысы А.Нышановдорго карата коркутуу жасаган.

Ошондуктан, катталган медиа-файлдарда Б.Кашкарбаев өзүнүн кыймыл-аракети менен мыйзам боюнча мамлекет тарабынан коргоого алынган жогорудагы адамдардын өмүрүнө жана саламаттыгына реалдуу коркунуч жараткандыгы аныкталгандыгы эске алынып, үстүбүздөгү жылдын 25-ноябрында аталган фактылар боюнча анын үстүнөн Жазык кодексинин 355-бер. 1-бөл. (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) менен КЖБРге катталып, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 4441