• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Бакетаев: УКМК нын башында коомдук жаран болуусу керек

20 Бугу 2019 16:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек.20.05.2019.Govori.TV.

Бүгүн, 20-майда «Акипресс» маалымат агенттигинде саясат таануучу Бакыт Бакетаев УКМКнын төрагасынын кызматтан алынуусунун себептерине токтолуп Идрис Кадыркуловдун кызматтан кетүүсүн туура эмес болгонун айтты.

«Азыркы биздин бийликте турган «Жаңы Буржуазия» 25 жылдан бери өлкөнүн байлыгын жеп бүттү. Жегендин да чеги болуусу керек да. Эми азыр баарын орун алмаштырып, өздөрүнө керектүү кадрларды коюп жатат. Мындан улам өлкөдөгү тендерлер да мыйзамсыз өтүп, каражаттар сол чөнтөккө кетип жатат»,- деди Бакетаев.

Ал кошумчалагандай, Кадыркуловдун ордуна жарандарга, жөнөкөй коомго жакын адам дайындалуусу зарыл.

Эске салсак, Кадыркулов паспорт тендеринен чыккан чырдан улам өз арызы менен УКМКнын төрагалык кызматынан кеткен.

Количество просмотров: 12