УКМК ар кандай маалымат булактарында качкын президент К.Бакиевди жана анын жакын туугандарын колдогон мааламаттар жана телевизиондук матералдар тууралуу кийинкини билдирет.
Мындай мааламаттардын жана телевизиондук материалдардын авторлору өздөрүнүн жасаган иш-аракеттери жана анын кесепеттери канчалык олуттуу экенин толук билишпейт. Буга байланыштуу, УКМК мааламаттардын жана телевизиондук материалдардын авторлоруна коомдо тирешүүгө алып келе турган иш-аракеттерге жол бербестигин эскертет.
Эскерте кетсек, КР Башкы прокуратурасы тарабынан мурун козголгон кылмыш-иштери боюнча К.Бакиев жана анын туугандары көптөгөн оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы, жана ошондой эле 2010-жылдын 7-апрель окуясы, адам өлтүрүү, коррупция жана рейдерлик басып алуулары үчүн соттолгон. Азыркы убакта айыпталуучулар издөөдө.