• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Бакиевдин маеги. Апрелчилер аянтка чогулду

23 Бугу 2023 12:34 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-майда Бишкектеги 2010-жылдагы Апрель революциясынын баатырларынын эстелигинин жанына 20дан ашык адам чогулду. Алар мурдагы президент Курманбек Бакиев менен УТРКнын журналисти Кадыр Кошалиевдин маегине нааразы болуп, бийликке кайрылуу жолдошту.

«Айкөл — Ала-Тоо» коомдук бирикмесинин төрагасы Жылдызбек Исаков Бакиев жоопко тартылышы керектигин белгилеп, буларга токтолду.

«Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиев мурдагы президент Курманбек Бакиевден бир тараптуу интервью алганы жарыяланып жатат. Ошол себептүү кайрылуу жолдоо үчүн чогулдук. 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгон жигиттердин ата-энелери, жубайлары, туугандары келди. Биздин максат Бакиевди алып келип камасын. Аны актап, жактап, реабилитациялоого жол бербейбиз. Кошалиевди кызматтан кетирсин»,-деди ал.

Эске салсак, 15-майда Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиевдин Курманбек Бакиевден алган маеги жарыяланган. Бул коомчулукта кызуу талкуу жаратты.

Улуттук телерадио корпорациясы (УТРК) маек Кадыр Кошалиевдин жеке демилгеси менен тартылганын, ал үчүн УТРК техника жана башка чыгымдарды төлөп бербегенин билдирип, бул боюнча ички иликтөө башталганын кабарлаган.

Ал эми Кошалиев өз дарегине айтылган сындарга жооп берип, эч кандай мыйзамды жана журналистиканын эрежелерин бузбаганын айткан.

Количество просмотров: 68