• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: УКМК “Батумини” буздурган вице-мэрге иш козгоду. Бакиевден маек алган Кошалиев төрагалыктан да кетти

26 Бугу 2023 17:58 Бишкек Govori.TV

СӨЗ ЭРКИНДИН ТАЛКУУЛАГАН ЖЫЙЫН

Бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясы менен медиа коомчулук тегерек столго чогулду. Жыйында медиа эксперттер, ЖМК өкүлдөрү өлкөдөгү сөз эркиндигинин абалын, коомдук талкууга коюлган “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорундагы тобокелчиликтерди талкуулашты. «Арча Медиа» басылмасынын башкы продюсери Дмитрий Ложников буларга токтолду.

Журналист Аскер Сакыбаева Орусиядан оодарылган жаңы мыйзам менен кесиптик журналистиканы жок кылуу аракети болуп жатканын айтты.

Ал эми депутат Айбек Осмонов терс маанайдагы маалыматтар өп жазылып жатканын, сөз эркиндигинен пайдаланып “аша чапкандар да бар” экенин айтты.

ТАШИЕВ ЖАКЫНДА ЧИНОВНИКТЕР КАРМАЛАРЫН АЙТТЫ

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев «Регион» телеканалына берген маегинде каржы тармагынын жогорку кызматтагы өкүлдөрү жакынкы аралыкта кармаларын билдирди.

Ал белгилегендей, өлкөдө ири суммадагы акча үчүн мамлекетти алдаган шылуундар болбошу керек.

«Көбүнчө мындай кылмышкерлер каржы жана банк тармагында болушат. Анан ачык айтам, бул маселе Каржы министрлигинде көп көтөрүлүп жатат. Биз бүгүн-эртең айтабыз жакында чоң чиновниктерди кармайбыз. Элдин акчасын колуна кармап, бирок аны туура эмес багытта колдонгон чиновниктерди, каржы тармагындагы мамлекеттик кызматкерлерди жоопко тартабыз», — деди Камчыбек Ташиев.

Ошондой эле ала өз маегинде коррупция менен күрөштөн соңку эки жылда казынага 11 млрд. сомдон ашык каражат түшкөнүн билдирди.

Эске салсак, буга чейин УКМКнын башчысы коррупцияга каршы жарыяланган күрөштүн экинчи этабы башталганын билдирген. Анын айтымында, эми коррупционер тарабынан келтирилген зыяндын ордун толтуруу менен чектелбейт.

УКМК ВИЦЕ-МЭРГЕ ИШ КОЗГОДУ

Бишкектеги “Батуми” кафесине байланыштуу чыккан чырдан улам Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаевге жана башка кызмат адамдарына кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы бүгүн, 26-майда кабарлап, иш Кылмыш-жаза кодексинин “Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу” жана “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” деген эки беренесинин негизинде козголгонун билдирди.

Тергөө учурунда Нурдан Орунтаев жабыркаган тараптын чыгымын төлөп берүү милдетин алганы, ошондуктан тергөөчүлөр чакырганда барып туруу убадасы менен коё берилгени, териштирүү уланып жатканы маалымдалды.

“Батуми” кафесин буздуруунун жана Бишкек мэриясынын муниципалдык кызматтарынын өкүлдөрүнүн аракеттеринин мыйзамдуулугун аныктоо үчүн УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасы менен текшерүү башталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө “Батуми” кафесинин ээси унаа токтотуучу жай катары муниципалдык жерди тийиштүү ижара келишимисиз пайдаланып, мыйзам талаптарын бузуп жүргөнү аныкталды. Ошол эле учурда бул тармакка жооптуу вице-мэр Нурдан Орунтаевдин мыйзамга дал келбеген аракеттери аныкталды. Себеби ал кафенин конструкциясын бузуунун ордуна бирөөнүн мүлкүн түздөн-түз жок кылуу жолу менен буздурууну уюштурган. Натыйжада имаратка 3 миллион сомдон ашуун суммага зыян келтирилген”.

Орунтаев бүгүн 26-майда УКМКга сурак берип жатканы кабарланган. “Батуминин” ээси УКМКга жана Башкы прокуратурага арызданганын 25-майда анын юристи Кайсын Абакиров билдирген.

Ал эми Орунтаев кафени бузуу мыйзам чегинде болгонун айткан.

Жал кичи районунун тушунда жол боюнда жайгашкан «Батуми» буздурулуп жаткан видеолор, сүрөттөр 24-майда жарыяланып, кызуу талкуу жараткан.

ЖЭЭНБЕКОВДУН ЖУБАЙЫ КОРРУПЦИЯГА АЙЫПТАЛУУДА

Абактагы оппозиционер саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты Равшан Жээнбековдун жубайы, кечээ камакка алынган Салкынай Алимбаева “коррупция” менен айып тагылганын анын адвокаты Разак Ашимбаев билдирди.

“Бишкекте эки жер тилкесинин мыйзамсыз сатылышы боюнча шек саналууда. Бул окуя былтыр болуптур. Ошого катышкан деп “коррупция” менен айып тагыптыр. Салкынай Алимбаева “бул ишке тиешем жок” деп жатат», -деди жактоочу.  Алимбаева 25-майда УКМКнын тергөө абагына суракка чакырылып, камалган.

УКМК азырынча маалымат бере элек.

Равшан Жээнбеков ушул тапта Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Ал былтыр 23-октябрда “Жапырт башаламандык уюштуруу” беренесинин негизинде жыйырмадан ашуун саясатчы, жарандык активист менен чогуу камалган. Анын алдында Жээнбеков Өзгөндө өткөн курултайдын резолюциясына ылайык саясатчылар, саясий уюмдар, активисттер, саясий кыймылдар “Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзгөнүн жарыялаган.

Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча да айыпталган, ал иш азыр Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жатат. Саясатчы 28-майда өтө турган Бишкектеги Ленин округунан парламент депутатын шайлоого талапкер болуп катталган. 

ЭЛДИК КУРУЛТАЙДЫН ТӨРАГАСЫ КЫЗМАТТАН КЕТТИ

Кадыр Кошалиев Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы кызматынан кетти. Бул тууралуу ал өзүнүн соцтармактагы баракчасы аркылуу кабарлады.

Анын айтымында Курултайдын Аксакалдар кенешинин төрагасынын ыйгарым укуктарын убактылуу анын орун басары болгон Бейшенбек Абдразаковго өткөн.  

“Азыр интриганы токтотуп, ишке маани берели. «Элдик курултай жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынышына салым кошолу. Менин элге ачык айта турган сөздөрүм али алдыда…», — деп жазган ал.

Белгилей кетсек, 15-майда Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы, УТРКнын журналисти Кадыр Кошалиевдин мурунку президент Курманбек Бакиевден алган маеги жарыяланган. Бул коомчулукта кызуу талкуу жаратып, Кошалиевдин жана улуттук каналдын  дарегине бир топ чындар айтылган.

УТРК аталган маекти кабарчы жетекчилик менен макулдашпай, өзүнүн жеке демилгеси менен тартып келгенин айткан. Ал эми Кошалиев өз дарегине айтылган сындарга жооп берип, эч кандай мыйзамды жана журналистиканын эрежелерин бузбаганын белгилеген.

Көп өтпөй Кошалиев УТРКдан кызатттан кеткенин жарыялаган.

Количество просмотров: 127