• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Эч кандай мыйзамды жана журналистиканын эрежелерин бузган жокмун». Кошалиев үн катты

18 Бугу 2023 18:09 Бишкек Govori.TV

Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиевдин Кыргызстандын мурдагы президенти, учурда Беларуста баш калкалап жүргөн Курманбек Бакиевден алган маеги боюнча социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырды.

«Эки күндөн бери соц тармактарда экс-президенттер Аскар Акаев жана Курманбек Бакиев менен болгон маектерди миңдеген адамдар интернет желесинен көрүү мүмкүнчүлүгү болду. Менин дарегиме да ар кандай суроолор берилүүдө. Алардын айрымына жооп кайтарууну туура көрдүм. Менин Кудай берген кесибим тележурналист. Коомдук башталышта 2022-жылдын 26-ноябрынан бери Элдик Курултайдын туруктуу иш алып барган Аксакалдар кеңешинин төрагалык ишин да кошо алып баруудамын. Эскерте кетсем, 2022-жылдын март айынан баштап КТРКда келишимдик негизде иштеп, «Кыргыз ааламы» автордук көрсөтүүсүн даярдап келем. Жакындан баштап штатка которулдум, жашым 61де пенсияга чыга элекмин. Көп жылдардан бери журналистика менен бирге коомдук иштер менен аракеттенип келдим. Жаңы жыл алдында Москвада жашап-иштеп жүрүшкөн мекендештердин чакыруусу боюнча барып келүүмдү өтүнүп, шарт болуп калса А.Акаев менен маек уюштурууну КТРКнын ошол кездеги жетекчиси Кайрат Иманалиевге сунуштагам. Ал Россиядагы мекендештер жөнүндөгү сунушту колдоп, экстер жөнүндөгү маселени ойлонолу деген пикирин билдирген. Курултайдын иши боюнча Мамкатчы менен иштеп жаткан соң, Сүйүнбек Касмамбетовго Москвага баратканым жөнүндө кат жүзүндө маалымат калтырып, сапарга чыгып кете бердим. «Жетекчиликтен сиздин катыңызга эч кандай виза коюлган чечим чыккан жок. Курултайдын иши да, журналистика тармагы да мыйзамга ылайык эркин. Өзүңуздүн аракетке өзүңүз гана жооптуусуз»- деген Мамкатчынын пикирин угуп, андан аркы ишти өз демилгем менен уланттым. Эч кандай мыйзамды жана журналистиканын эрежелерин бузган жокмун. Түрдүү себептерден улам, Экс-жетекчилер менен болгон маекти УТРКдан берүү маселеси кечигип, Ютубдан чыгып кеткендигин трагедия деп эсептебейм. (Болгону биринчи Акаев кетпестен, Бакиев чыгып кеткени да суроолорду көбөйтүп жиберди. Болбосо экөө тең монтаждалып даяр турган.) Кайра бул көрсөтүүлөр кыргыз коому үчүн талаштуу маселелерге ачыктык киргизди деп эсептейм. Мисалы мен да атуул катары Курманбек Бакиевди сырттан соттогон күндө да юридикалык талаптар сакталган го деген ойдо жүргөм. Көрсө адвокат, тергөөчү дегендери жок эле сырттан отуз жылга соттоп жибергени эч бир рамкага сыйбай турган көрүнүш. Мен да Бакиевдердин үй-бүлөлүк башкаруусун сындап келгем. Бирок баардык иш мыйзамга жана адамдык абийирге жараша калыс чечилгени оң. Көрсөтүүнүн жүрүшүндө эл ичиндеги айтыла жүргөн ачуу суроолор да берилди. Акаев да, Бакиев да өздөрү иштеген учурдагы ийгиликтер менен кемчилдиктерге кенен токтолушту. Программанын аягында экөө тең элден кечирим сурашты. Калганын жашоо-турмуш көрсөтөт. Мен болсо журналисттик ишимди жасадым. Керек болсо Курултай да мындай маанилүү иштерден сыртта калбай калыс аянтча катары кызматын аткарыш керек деген ойдомун. Дагы бир топ айта турган сөздөр бар алдыда…»,-деп жазды Кошалиев.

Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиевдин жакында жарык көргөн маеги коомчулукта бир катар талкууларды жаратууда. 

Депутат Эльвира Сурабалдиева Кыргызстандын мурдагы президенти, учурда Беларуста баш калкалап жүргөн Курманбек Бакиевден маек алган Кадыр Кошалиевдин аракетин көзөмөлгө алуу керектигин парламенттин бүгүнкү жыйынында айтып чыккан.

Буга чейин УТРК Кадыр Кошалиев мурдагы президенттен маек алуу боюнча каналдын жетекчилигине эч кандай маалымат бербегенин кабарлаган.

2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккандарга Ала-Тоо аянтында ок атылып, 80ден ашуун киши каза болгон. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, Курманбек Бакиевге карата 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар жана башка иштер боюнча сыртынан сот өкүмү чыгып, 30 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Количество просмотров: 909