• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бакиевдин маеги. УТРК ички териштирүү жүргүзөт

18 Бугу 2023 16:54 Бишкек Govori.TV

Улуттук телерадио корпорациясы Кадыр Кошалиевдин Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев менен болгон маеги боюнча маалымат таратты.

Учурда УТРКдан эфирге чыккан “Кыргыз ааламы” көрсөтүүсүнүн жасалгасын автор башка максатта колдонгондугу боюнча ички териштирүү жүрүп жатканы кабарланды.

«Бул маек Кадыр Кошалиевдин жеке демилгеси менен тартылган. УТРК жетекчилиги менен макулдашылган эмес жана маекти тартуу үчүн техникалык каражат жана башка чыгымдары бөлүп берилбеген. Айта кетсек, Кадыр Кошалиев тартып келген интервью УТРКнын каналдарынан берилген жок. Ошондой эле, эфирге берүү боюнча планда каралбаган. Ички тартип боюнча УТРКнын ар бир эфирдик торчодон орун алган көрсөтүүлөрү алдын ала макулдашылып, зарыл болгон материалдык-техникалык каражаттар менен камсыздалат»,-деп жазылат маалыматта.

Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиевдин жакында жарык көргөн маеги коомчулукта бир катар талкууларды жаратууда. 

Депутат Эльвира Сурабалдиева Кыргызстандын мурдагы президенти, учурда Беларуста баш калкалап жүргөн Курманбек Бакиевден маек алган Кадыр Кошалиевдин аракетин көзөмөлгө алуу керектигин парламенттин бүгүнкү жыйынында айтып чыккан.

«ПолитКлиника» медиасы бул маек УТРКга караштуу «Маданият, тарых, тил» телеканалында жарыяланып жүргөн «Кыргыз ааламы» берүүсүнүн форматында жасалганын аныктаган.

Теги:
Количество просмотров: 794