• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Бакиевдин жаңы интервьюсу Султанбековду шок кылды

18 Бугу 2023 14:03 Бишкек Govori.TV

«Социал-демократтар» партиясынын төрагасы Темирлан Султанбеков Социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазып, мурунку президент Курманбек Бакиевдин жаңы чыккан маегинен соң шок болгонун билдирди.

Ал өз билдирүүсүндө качкын президент Бакиевден маекти Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиевдин алганы эле адамды нес кылаарын жазган.

«Элдик Курултайдын жетекчиси, КТРКнын кызматкери Кадыр Кошалиевдин Курманбек Бакиевден интервью алып, өзүн да мактап жатканы жөн эле таң калтырат. Бул кандуу Бакиевдердин кланынын колунан каза болгон эки жүзгө жакын кыргызстандыктарды (алган жараатынан улам акыркы жылдардагы каза болгондорду эске алганда) шылдыңдоосу. Эске сала кетейин, Бакиевдердин кланы тарабынан өлтүрүлгөн жана майып болгондордун арасында Кошалиевдин кесиптештери – журналисттер да бар. Бул КТРК жетекчилигинин расмий позициясыбы?», — деп жазат Султанбеков.

Ошондой эле Султанбеков Бакиевдин маегинде жалган жана өзүн пиарлоо көп орун алганын жазган.

Кыргызстандын мурунку президенти Курманбек Бакиевдин жакында жарык көргөн маеги коомчулукта бир катар талкууларды жаратууда. Маекти Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиев алган.

2010-жылы элдик толкундоолордон кийин бийликтен кеткен Бакиев маегинде өзү бийликте тургандагы өлкө экономикасы, өндүрүштүн абалы тууралуу айтып, кандуу окуяларга байланышы, ага карата чыккан сот өкүмү, ал президент болуп турган мезгилде орун алган буюртма адам өлтүрүүлөр жөнүндө суроолорго жооп берген. Ал ошондой эле 2010-жылдагы Апрель окуясы боюнча сотко Беларустан онлайн катышууга даяр экенин айтты.

Количество просмотров: 475