• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бакиров: Кыргыз менен Өзбек бийлигинин мамилеси жакшы. Чек ара маселеси чечилет

13 Аяк оона 2019 11:22 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин вице-спикери Мирлан Бакиров Кыргыз менен Өзбек бийлигинин мамилеси жакшы экенин айтып, жаралган чек ара маселеси жакында чечилет деген пикирин айтты.

Ал жерде эми өмүр бою жашап келген жергиликтүү калкка түшүндүрүү иштерин көбүрөөк жүргүзүү керек. Буга чейин ким колдонуп келген, кимдин жери болгон, кандай аталган. Бул жерде элдик дипломатия жана элдик пикир менен да эсептешип, өкмөт ушул маселени ыкчам түрдө маелени чечиш керек, — деди Бакиров.

Эске салсак, 10-сентябрда Өзбекстандын аскерлери Араван районунун Керкидан суу сактагычынын тегерегиндеги участокту тосуп алганы кыргызстандык тургундарды нааразычылыгын жаратып, эки тараптын тирешүүсүнө алып келген.

Количество просмотров: 96