• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Исмаил Исаков: Ташиев кол койгон №39 протоколдун коркунучу бар

12 Бирдин айы 2022 9:58 Бишкек Govori.TV

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кол койгон №39 протоколдун коркунучу бар. Бул тууралуу «Азаттык” партиясынын төрагасы, генерал Исмаил Исаков “ПолитКлиника” медиасынын “Сереп”  берүүсүндө билдирген.

Анын айтымында, кыргыз-тажик чекара комиссиясын жоюп, кайра жаңысын түзүү керек.

«Баарыбыздын көңүлүбүз жолго бурулуп калды. Жолду сөз кылганыбыз менен анын артындагы илинчекти эч ким айта элек. Кеп – жолдо эмес,  себеби жол бар, бир эмес, эки жол бар. Анын артында илинчек, башка маселе турат. №39 протоколдун эң негизги катачылыгы ушунда болуп жатат. Себеп дегенде  ал жерде “ушул жолду салуу үчүн биз 1924, 1927-жылдардагы улуттук аймактарды бөлүштүрүү комиссиясынын материалдарынын негизинде карайлы, дагы 1989-жылдагы паритеттик комиссиянын документтерин карайлы» деп, ошол учурдагы  документтерди көрсөтүп жатышат. Биздикилер түшүнүп-түшүнбөй, ушуга макул болуп, кол койгондугу улуттун кызыкчылыгына төп келбейт. Кыргыз-тажик чекара комиссиясын жоюп, кайра жаңысын түзүү керек. Чек ара кызматын УКМКнын курамынан чыгаруу зарыл»,-деп билдирген ал.

Количество просмотров: 2657