• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бакиров: Ысык-Көлдөгү мамлекеттик пансионаттар менчиктештирилбейт

1 Кулжа 2021 13:55 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көлдөгү мамлекеттик пансионаттар менчиктештирилбейт. Бул тууралуу маалымат жыйынында Кыргызстандын мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Ысык-Көлдүн жээгинде 4 пансионат бар, алар мурда Өзбекстанга таандык болчу.

“Аврора” пансионаты президенттин иш башкармалыгынын карамагына өткөн. Жогорку Кеңешке караштуу “Алтын-Көл”, Маданият министрлигине караштуу “Витязь” пансионаттары бар. Биз иштин оң-терс жагын карап көрөбүз. Айрымдары өздөрүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша даярдыктарды жүргүзүшөт. Айрымдарында таштанды чыгаруучу эң жөнөкөй техника жок, имараттар талкаланууда”,-деди ал.

Муну менен катар Бакиров Ысык-Көлдөгү мамлекеттик мүлктү менчиктештирбей эле койгон оң деп белгиледи.

“Азырынча аларды менчиктештирүү жөнүндө кеп жок. Ал жакта ишенимдүү башкаруу же аутсорсинг болушу мүмкүн”,-деди ММБФ башчысы.

Количество просмотров: 178