• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бакировдун иш бөлмөсүнүн алмашканы боюнча депутаттар нааразы пикирин айтышты

23 Жетинин айы 2022 11:06 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 23-ноябрдагы жыйынында депутат Өмүрбек Бакировдун иш бөлмөсүнүн алмашканы боюнча маслеле көтөрүлдү. Жыйында депутат Адахан Мадумаров сөз сүйлөп, түшүндүрмө берилишин талап кылды.

Ал эми депутат Тазабек Икрамов башкармалыктын жетекчисинин орун басары Элмира Усенованы сынга алды жана президенттин өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып аны иштен алууну сунуштады.

«Бул жерде депутаттын макамы жөнүндөгү мыйзамда так жазылып турат. Жогорку Кеңештин депутатына тиешелүү жеке жана кызматтык турак жай, жеке жана кызматтык машинага байланыштуу документтер текшерүүгө, тинтүүгө жатпай турганы жазылып турат. Биз мыйзам чегинен чыгып кетип жатабыз. Кат бергенден кийин күтүп турушу керек эле. Биздин депутаттын бардык буюмдарын эшикке алып чыгарып койду. Алмаз Акунжанович, Элмира Усенованы жумушунан алуу боюнча мен сиздерге сунушумду берем», — деди Икрамов.

Парламенттин бул жыйынына президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси чакырылды.

Количество просмотров: 549