Президенттин иш башкармалыгы Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировдон кызматтык бөлмөсүн алып жатат. Бул тууралуу депутаттын дарегине жолдонгон катта айтылат.
Соцтармакта сүрөтү тараган бул катта, депутат иш бөлмөсүн бошотуп берүүсү зарыл экени жазылган. Ал эми ага башка иш бөлмө бөлүнүп берилери кошумчаланган.

17-ноябрда Жогорку Кеңештин кыргыз-өзбек чек ара маселеси каралып жаткан жыйынында депутат Өмүрбек Бакиров менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиев кайым айтыша кеткен.
Андан соң, депутат Фархад Исмаилов УКМКнын башчысына болушуп, Өмүрбек Бакиров экөө мушташа кете жаздаган.