• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Бакыт Бакетаев президенттик шайлоого катышуудан баш тартат

11 Жетинин айы 2020 15:53 Бишкек Govori.TV

Саясат таануучу Бакыт Бакетаев президенттик шайлоого катышуудан баш тартат. Бул тууралуу ал Govori.TVга билдирди.

Бакетаевдин айтымында, ал изилдөө катары президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берген.

«Мен изилдөө катары президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз бергем. Биринчи эле күнү мага 20 чакты тааныштарым телефон аркылуу байланышып, күрөөнү жөн эле коюңуз биз төлөп беребиз деп айтышты. Ал эми тийиштүү документтерди тапшырган соң дагы бир нече досторум 30 миң добушту биз топтоп беребиз деп убада беришти. Мен чын дилимден абдан ыраазы болдум. Бирок ошол эле учурда башка ойлор жаралды. Эгер президенттикке эл шайлап берсе мага жардам берген адамдардын айткандарын аткарып беришим керек болуп калат. Анализ жүргүзсөм, биздин президенттер саясий олигархтык тайпаларга баш ийген экен. Ал эми элдин көйгөйлөрү экинчи орунда калып калат. Ошондуктан шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү керек»,-деди Бакетаев.

Саясат таануучу Бакыт Бакетаев президенттик кызматка өзүн-өзү көрсөткөн талапкер катары БШКга 4-ноябрда арыз таштаган.

Белгилей кетсек, президенттикке талапкерлер 3-декабарга чейин кол чогултуп, БШКга тапшырышы керек. Кеминде 30 миңден ашык кол чогултуу зарыл. Шайлоо күрөөсү болсо 1 миллион сом. Аны талапкерлигин көрсөткөндөр 4-декабрга чейин төгүшү керек.

Количество просмотров: 771