Баткенде 7-8-сентябрь күндөрү журналисттердин “Ийгиликке кадам” аталышындагы форум башталды. Ага 80ге чукул журналист катышып жатат. Журналисттер өлкөнүн 7 дубанынан Баткенге келишти.
Форум Журналисттер коомдук бирикмеси менен Маданият, маалымат спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун жана Кыргыз журналистикасынын 100 жылдыгына карата уюштурулууда.
Форумга КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев келип, форумдун ишине ийгилик каалап кетти.
Форум түз эфирде көрсөтүлүп жатат.
https://www.youtube.com/live/gPFz5ZSGkcs?si=KXerIVPsoq_rlp77