Бакыт өргөөсүндө оңдоо иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, оңдоо иштерине байланыштуу Бакыт өргөөсүнүн никени салтанаттуу түрдө каттоо залы 15-майдан 15-июнга чейин жабык болот.
Ведомстводон белгилешкендей, ошол эле учурда кызматкерлер имараттын биринчи кабатында никени салтанаттуу түрдө каттоону улантышууда. Жарандарды кабыл алуу адаттагыдай эле саат 9:00дөн 18:00гө чейин жүргүзүлүүдө.
Санариптик өнүктүрүү министрлиги жарандардан убактылуу ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана түшүнүү менен кабыл алат деп ишенет.