• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Бакыт Рысбеков Улуттук борбордун сунуштамалары аткарылбай жатканын билдирди

18 Чын куран 202317:18 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 18-апрелде Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында, 2022-жыл үчүн Кыйноолорду жана башка катаал, адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун баяндамасы жөнүндө маселе каралды.

Кыйноолордун алдын алуу борборунун директору Бакыт Рысбеков убактылуу кармоочу жайларда жана тергөө камак мекемелеринде кыйноолор, физикалык зомбулук же психологиялык басымды колдонуу маселеси курч көйгөй бойдон калганын баса белгиледи.

Ал 2023-жылдын январь айына карата Улуттук борбордун сунуштамаларынын 3%ы аткарылган. Бакыт Рысбеков Улуттук борбордун сунуштамалары жылдан жылга аткарылбай келе жатканын белгиледи.

Ошол эле учурда беш жыл ичинде кыйноолорду, физикалык зомбулукту же кармалгандан кийин психологиялык басымды колдонуу деңгээли 1,5 эсе азайып, 2018-жылы 34,2% болсо, 2022-жылы 20,6%га чейин төмөндөгөнүн кошумчалады.

Количество просмотров: 58