• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бакыт Сеитов: Митинг учурунда келтирилген чыгымдарды уюштуруучулар төлөйт

2 Жалган куран 2020 20:35 Бишкек Govori.TV

Митингден соң массалык бейбаштык фактысы орун алганын жана мыйзам бузгандар жоопкерчиликке тартыларын Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов билдирди.

“Ар кандай провокациялык билдирүүлөр болду. Бийликти басып алуу чакырыктары дагы орун алды. Милиция тарапка таш ыргытышып, жолдогу унааларды талкалашты”, — дейт Сейитов.

Митингге катышкан жарандардын саны 800 кишинин тегерегинде болду.

“Митингдин башталышында аны өткөрүүнүн тартиби жана жол-жобосу сакталып ирээти менен келе жаткан. Бирок, бир эки сааттан кийин модераторлор митингди башкара албай калышты. Уюштуруучулардын тарайлы деген сунуштарын эч ким укпай калышты”, — деп билдирет ИИМден.

Ички иштер министрлиги мыйзамды бузгандарга, чагымчыл аракеттерди жасооого аракеттенгендерге, коомдук тартипти бузгандарга жана тынч митингдин талаптарын бузгандарга карата мыйзам чегинде чараларды көрөт.

Ал эми Бишкек шаарынын мэринин кеңешчиси Балбак Түлөбаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына акциянын уюштуруучусу деп Каныбек Осмоналиевди айтып, чыгымдарды ал адам төлөп берүүсү керектигин жазды.

https://www.facebook.com/photo.php?fbid=2983715948339071&set=a.345032728874086&type=3&theater
Количество просмотров: 794