• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Бакыт Төрөбаев жарды. Фейктерди парламентке чакырды

1 Тогуздун айы 201916:20 Бишкек Govori.TV

Ал арада ЖКнын депутаты Бакыт Төрөбаев коомчулук президенттин, Жогорку Кеңештин же өкмөттүн расмий чечимине ишенбей социалдык тармактагы фейктердин жалган маалыматтарына ишенип калды деген пикирин ортого салып, шайлоо жакындап калганда фейктер талапкерлердин аброюна шек келтирген маалыматтар тарап баштайт деген пикирин айтты.

Парламенттин аброю боюнча айтсам, Жогорку Кеңешти жаман көрсөтүү күч алды. Бизди ар кандай сөздөр менен сындап жатышат. Пара менен кармалгандар аткаруу бийлиги. Тендер жүргүзүлүп жатканда коррупциялык элементтерди көрүп жатабыз. Ошонун баарын парламентке бургусу келип жатышат. Эң негизги курал социалдык тармак болуп калды. Анда ар кандай сөздөр айтылып жатат. Президенттин буйругу, өкмөттүн, парламенттин чечимине эч ким ишенбей, социалдык тармакка ишенип жатышат. Жаңы идеология жаралууда, — деди эл өкүлү.

Количество просмотров: 506