Бишкек.29.06.2019.Govori.TV.
Казакстандын мурдагы премьер-министри Бакытжан Сагинтаев Алматы шаарынын акими болуп дайындалды. 55 жаштагы Сагинтаев ушуну менен акыркы беш айдын ичинде үчүнчү жолу кызматын алмаштырып жатат.
21-февралда Казакстандын ошол кездеги президени Нурсултан Назарбаев Бакытжан Сагинтаев жетектеген өкмөттү «экономиканын өнүгүшүн камсыздай алган жок, министрлер эл менен иштей албайт» деген сын менен отставкага кетирген.
Сагинтаев 1-мартта өлкөнүн мамлекеттик катчысы болуп дайындалган. Көп өтпөй 24-мартта президенттик администрацияны жетекчиси кызматына келген.