• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Бала бакча менен дарыкананын имараты Кара-Балта мэриясынын балансына өткөрүлдү

15 Жалган куран 2023 14:58 Бишкек Govori.TV

Жайыл районунун прокуратурасы тарабынан Кара-Балта шаардык мэриясына караштуу муниципалдык менчик бөлүмүндѳ текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Соттун чечимдерине ылайык муниципалитеттин карамагына Кара-Балта шаарынын аймагында жайгашкан 488 м2 жер тилкеси менен даарыкана имараты (жалпы пайдалуу аянты 1039,8 м2) жана жер тилкесинин аянты 8115,9 м2 түзгөн бала бакчанын имараты (жалпы аянты 8081,8 м2 жана 3802,6 м2 түзгөн жер тилкелери) кайтарылып берилүүсү белгиленген. Бирок, текшерүүдө жогорудагы мүлктөрдүн бири да муниципалдык менчикке кабыл алынбагандыгы аныкталган.

Көз карандысыз баалоочулардын маалыматы боюнча жер тилкелеринин жана имарат-курулуштардын жалпы баасы 34 млн 591 миң 992 сомду түзгөндүгү такталган.

Жыйынтыгында, Жайыл райондук прокуратурасы тарабынан ченемдик укуктук актыны бузууларды четтетүү жөнүндө Кара-Балта шаардык мэриясына талап келтирилип, кароонун жыйынтыгы менен жогоруда көрсөтүлгөн мүлктөрдүн баары шаардык мэриянын балансына толук ѳткѳрүлгѳн.

Количество просмотров: 47