• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Бала бакчада баласын сабаган аялдын кайрылуусу: Баламды өлдү-өлдү болуп төрөгөм, баласы жок жашай албайм…

21 Кулжа 2022 11:39 Бишкек Govori.TV

Буга чейин социалдык тармактарда Бишкектеги бала бакчалардын биринде тартылган видео тараган. Анда бала бакчада аял жаш балага кол көтөрүп, коркутуп жатканын көрүүгө жана баланын ыйлып, «мени чаппа» деп жатканын угууга болот.

Кийинчерээк, аталган видео Кызыл-Аскер конушундагы «Кичинекей Золушка» деп аталган жеке бала бакчада тартылганы белгилүү болгон. Анда баланы урушуп жаткан аял аталган бала бакчада ашпозчу болуп эмгектенери жана баланын апасы экени белгилүү болгон. Ал тарбия берүү максатында урушканын айтып, кайрылуу жасады.

«Мен видеодогу баланын апасы болом. Баланы урушуп жаткан менмин. Балам бала бакчадан туура эмес иш кылды. Жылаңач болуп алып, кыздарга кыздарга тийишип жаткан экен. Мен аны тарбиялык мааниде эле урушкам. Балам аябай эрке, тие электе эле ыйлайт.

Көп киши үчүн туура эмес кылдым. Бирок мен дагы энемин да, билип жатам, силердин да жүрөгүңөр ооруп жатат. Балам эми ошондой ишти кылып жатса, мунун келечеги кандай болот деген мааниде ушундай кезинде урушуп коёюн, үйгө баргыча унутулуп калбасын дегем. Туура, эки жолу чапкам. Кечирим сурайм. Азыр бизде баары жакшы. Сарсанаа болбоңуздар.

Мен ошол учурда баламды тарбияга салып калайынчы деген ой менен эле урушкам. Ар бирибизде эле бала бар. Энедей эч ким болуп бере албайт. Мен баламды аябай жакшы көрөм. Баламды өлдү-өлдү болуп төрөгөм, баласы жок жашай албайм. Түшүнүп жатасыңарбы? Көрүп-көрбөй, билип-билбей видео таратканыңарды токтоткулачы, сураныч», — дейт ал.

Количество просмотров: 5753