• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Балага сүйүнчү пул берүү убактылуу токтоду

28 Бештин айы 2022 9:27 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда балага сүйүнчү пул берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кабарлады.

Буга «балага сүйүнчү» борборлоштурулган базасынын жаңыланып жатышы себеп болгон.

Төлөмдөр система жаңылангандан кийин, жаңы жылдан тарта бериле баштай турганы кабарланды. Ал эми арыздарды кабыл алуу кадимкидей тартипте улана берет.

Кыргызстанда 2018-жылдын 1-январынан тартып балага 4000 сом сүйүнчү чегериле баштаган.

Количество просмотров: 1359