Бишкек. 27.12.2018. Govori.TV.
Чүй облусунда бир жарым жаштагы баланы аялдамага калтырып кеткен үй-бүлө каттого алынды. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн маалымат жыйында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улугбек Кочкоров кабарлады.
Анын айтуусунда, бүгүнкү күндө ал бала үй-бүлөгө кайтарылган. Ведомство аралык комиссия бул кырдаал боюнча иш жүргүзүүдө.
“Баланы интернатка жиберүүгө азырынча зарылчылык жок. Ал үчүн эки ата-эне тең баладан баш тартышы керек. Бул үй-бүлө азыр каттоого алынган, эми социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери дайыма келип, баланын жашоо-шартын текшерип турушат”, — дейт министр.