Ысык-Көл районунун Чырпыкты жана Тору-Айгыр айылында жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсыкка кабылган унаанын 84 жаштагы (Абдымалик Акматбаев) айдоочусу жана 81 жаштагы (Сабира Соодалиева) жүргүнчү кырсык болгон жерде көз жумган. Белгилүү болгондой алар кримтөбөл маркум Рыспек Акматбаевдин ата-энеси.
Кошумчалангандай, алар Чолпон-Атадан Балыкчыга бара жатышкан.