• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Баласы менен бийиктен бой таштаган аялга кылмыш иши козголду

11 Аяк оона 2018 15:20 Бишкек Govori.TV
Бишкек.11.09.2018.Govori.TV.
Ошто баласы менен төртүнчү кабаттан боюн таштаган аялдын үстүнөн кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди:
— Окуя Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүүгө аракет жасоо» беренесине ылайык иликтенип жатат. Баланын абалы оор, кайра операция болот. Ымыркайдын келечек тагдырына кам көрүүнү Социалдык коргоо тармагынын кызматкерлери карап жатышат.
Айзат Чыртекова аттуу келин 6-сентябрда кечке жуук Ошто жети айлык ымыркайы менен кошо төртүнчү кабаттан бой таштаган. Экөө тең ооруканада. Аялдын жамбаш сөөгү сынып, мээси чайкалган. Бала башынан жараат алган. Келин үй-бүлөлүк зомбулуктан тажап бул кадамга барганы айтылган.
Количество просмотров: 25