Бишкек. 12.02. 2018. Govori.TV
2 жашар, 8 айлык баласын депкир менен сабаган аялга карата козголгон кылмыш ишиндеги берене өзгөртүлдү. Бул туурасында Ош ШИИБнин басма сөз катчысы Замир Сыдыков Govori.TV сайтына билдирди.
Андагы кабарга ылайык, жашка чыга элек Бексултан аттуу уулун шымына заара ушатканы үчүн айоосуз уруп, депкир менен сабаган 24 жаштагы келинге 4-феварла “Бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, ал камакка алынган болчу. Тилекке каршы, кечээ Бексултан башына жана ички органдарына алган катуу жаракатынан улам көз жумган. Мындан улам анын апасына “Адам өлтүрүү” деген оор берене тагылып, иш тергелип жатат.
Учурда баланын сөөгүн эч ким ала элек…