Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев мектептерди ачуудан коркуп жатканын маалымат жыйын учурунда билдирди.
Анын айтымында, санитардык-эпидемиологиялык кызматтар дагы мектептерди ачуу сунушун бербейт. Анткени бир класста 50 окуучуга чейин болушу мүмкүн.
«Жалпысынан борбор калаанын мектептеринде 70 миң окуучу болушу керек, бирок иш жүзүндө 170 миң окуучу. Кантип ачылышына уруксат берсем болот? Эгер алар ооруп калса? Балдар ооруканаларында орун жок. Жалпысынан 40 орун бар», – деди ал.
Түлөбаев кошумчалагандай, мектептер эгер кырдаал турукташса, балким Жаңы жылдан кийин ачылат.