“Алымбек Абдылдаев экөөбүздөн вице-мэрлердин орундарын бошотууну айтышты”. Бул тууралуу бүгүн, 27-октябрда Виктория Мозгачева билдирди.
Анын айтымында, Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Абдылдаевди иш бөлмөсүнө чакырып, кызматтан кетүүсүн айткан.
«Мен кесиптешим Абдылдаевге болушканда мага «ийгилик каалап» гана коюшту. Андан соң мен кызматтан кетүү арызым менен кирдим, Ал эми мыйндай оор чуруда кызматтан кетип жатат деген сындар да болуп жатат. Ал арада мэрия тарабынан кызматтан кетпөө тууралуу өтүнүчтөр келтирилгени тууралуу маалыматтар айтылды. Бизди эч ким мени кызматта калууга көндүргөн жок», – деди ал.
Эскерте кетсек, буга чейин Балбак Түлөбаев эки адамдын кызматтан кетишинин билдирүүсү ал үчүн күтүлбөгөн окуя болгонун билдирген. Ал кол алдындагы кызматкерлерди өз ордуларында калууга көндүрүүгө аракет кылган.