• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Балбак Түлөбаев Ысык-Көлдүн губернатору болоору айтылууда

26 Теке 2020 17:24 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык мэриясынын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев Ысык-Көл облусунун губернатору болуп дайындалды. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары жазууда.

Түлөбаевдин жаңы кызматка дайындалуусу тууралуу расмий маалымат алууга мүмкүнчүлүк болгон жок.

Айрым маалыматтар боюнча аны расмий тааныштыруу эртең болот.

Ал эми Ысык-Көлдөгү өкмөттүн өкүлчүлүгү бул тууралуу расмий маалымат келбегенин айтышып, коомдо тараган имиш кептерге таануунун кереги жок дешүүдө.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын аягында да бул сыңары кеп тараган, анда Ысык-Көлдүн губернатору ошол кездеги биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун ордуна келээри айтылган болчу.

Эске салсак, Балбак Түлөбаев шаардык мэриянын аппарат башчысы кызматында 2018-жылдан бери иштеп келет.

Количество просмотров: 524