• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Балбан Тынар Шаршенбеков Азия чемпионатында алтын медаль жеңди

19 Чын куран 202217:14 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандык балбан Тынар Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында алтын медаль жеңди. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында маалымдалат.

Тынар Шаршенбеков 63 кг салмакта финалда казакстандык Мейрамбек Айнагуловго каршы килем үстүнө чыкты. Кармашуунун биринчи бөлүгүндө эки балбан тең ири упай топтой алган жок. Бирок экинчи бөлүктө Шаршенбеков атаандашынын далысын жерге басып, алтын байгени илип кетти.

Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 19-24-апрелде Улан-Батор шаарында өтүүдө. Кыргызстандын атынан жалпы 21 балбан аттанган.

Количество просмотров: 199