Кыргызстандын күрөш боюнча курама командасы Парижде алгачкы машыгуусун өткөрдү. Грек-рим күрөшү боюнча курама команда жана машыктыруучулар Францияга 1-августта, эркин күрөш боюнча кураманын бир бөлүгү 2-августта келишкен.
Олимпиада 2024. Кыргызстандын курама командасынын балбандары Парижге келишти
Учурда Парижде Жоламан Шаршенбеков, Амантур Исмаилов, Акжол Махмудов, Үзүр Жузупбеков, Бекзат Алмаз уулу, Эрназар Акматалиев, Айаал Лазарев жана Мээрим Жуманазарова.
Кийинчерээк Айсулуу Тыныбекова менен Айпери Медет кызы келет. 3-августта спортчулар олимпиадалык шаарчанын аймагында жайгашкан спорт залында алгачкы машыгууларын өткөрүштү.
Күрөш боюнча мелдеш 5-августта башталат. Кыргызстандан биринчи болуп Жоламан Шаршенбеков менен Мээрим Жуманазарова таймашка чыгат.