Бүгүн, 31-мартта Жалал-Абад ОИИБдин демилгеси менен уюштурулган “Балдар биздин келечегибиз, кылмыштуулукка жол жок!” аталышындагы форум болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Форумга Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев жана шаардык жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниктери, мэрлер, акимдер катышышты.
Форумдун башталышында жаш өспүрүмдөр кылмыштуулуктун алдын алууга багытталган лозунгдарды көтөрүп, жөө жүрүштөн өтүштү.
Ал эми форумдун жүрүшүндө Абсаттар Сыргабаев сөз сүйлөп, кылмыш же укук бузуулар жасалган соӊ чара көрбөй, терс көрүнүштөрдүн алдын алуу керектигин баса белгиледи.
Форум бир катар суроо жана сунуштар менен улантылып, талкуулар жүрдү. Соӊунда форумга активдүү катышкандарга Жалал-Абад ОИИБдин ардак грамоталары тапшырылды.
Форумдун жыйынтыгында кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктардын, алдын алууга багытталган мыйзамдардын иштөөсүн күчөтүү, коомдук алдын алуу борборлорунун ишмердүүлүгүн ар тараптуу колдоо, аларды материалдык жактан жергиликтүү бюджеттен каржылоо, милициянын участкалык инспекторлору жана балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлерине кызматтык бөлмөлөр жана кошумча каражаттарды кароо боюнча меморандум кабыл алынды.