• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Балдар онкологиясы бөлүмүндө 14 адам коронавируска чалдыкты

21 Бугу 202010:48 Бишкек Govori.TV

Онкология жана гематология борборунун балдар бөлүмүндө коронавирус жуктурган 14 адам катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 21-майда билдирди.

Анын айтымында, илдет бул ооруканада дарыланып жаткан сегиз баладан, үч энеден, бир дарыгерден жана эки медайымдан табылды.

«Балдар жана энелер ошол эле жерде дарылануусун улантат, ал эми медицина кызматкерлери Республикалык инфекциялык ооруканага которулат. Вирус жуктургандарды дарылоого бөлүмдө обсерватор жана өзүнчө бөлмөлөр уюштурулду»,-деди министрдин орун басары.

Количество просмотров: 155