Жогорку Кеңештин комитет жыйынында сөз сүйлөгөн депутат Жанар Акаев балдар үчүн «Керемет көч» өңдүү долбоорлорду чыгарууну сунуштады.
««D Billions» тасмасынын кыргыз тилиндеги версиясы 28 миллиондон, ал эми «Керемет көч» мультфильми 5 миллиондон ашык көрүүгө ээ болду. Бул кыргыз тилиндеги мультфильмдерге суроо-талап бар экенин көрсөтүп турат. Бирок бул мультфильмдер аз. «Мен мультфильмди бир жолу көрдүм, анан бүттү», — деди депутат.