• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Балдар ооруканасынын дарыгери дары-дармек уурдаганы аныкталды

9 Тогуздун айы 202415:52 Бишкек Govori.TV

Милиция кызматкерлери 1340 ампула күчтүү дары-дармектердин уурдалганын аныкташты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 286-беренеси жана 291-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2023-жылдан бери Бишкек шаарындагы балдар клиникаларынын биринде анестезиолог-реаниматолог болуп иштеп келген 33 жаштагы К.Т. аттуу жаран аныкталды.

Ал кызмат абалынан пайдаланып, “Д” ЖЧКсынын клиникасынын директорунун атынан жасалма түрдө баңгизатын алууга ишеним каттарды жасап жүргөн. Баңги каражаттарына түздөн-түз ээ болуу менен шектүү жеке колдонуу үчүн баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды жашыруун уурдап, өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген.

Кармалган шектүүгө тийиштүү соттук экспертизалар дайындалып, корутундусу менен укуктук баа берилет. Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 439