Балдарды мектепке каттоодо орун алган мүчүлүштүктөрдү алдын алуу максатында тиешелүү иштер жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде өткөн маалымат жыйында Билим берүү жана илим министринин орун басары Токтобүбү Алымбаева билдирди.
«Электрондук каттоо учурунда өткөн жылдары мүчүлүштүктөр орун алган. Ата-энелер Калкты тейлөө борборуна барып катталып, Түндүккө байланышы жок болгондуктан же баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жоктугунун натыйжасында дагы мүчүлүштүктөр болуп келген. Ошол иштер кайталанбаш үчүн атайы видео материалдар даярдалды. Мектеп директорлоруна бул жаатта ата-энелер менен тынымсыз иштерди жүргүзүү тапшырмалары берилди»,-деди ал.
Ал эми Билим берүү министрлигинин санариптик трансформациялоо бөлүмүнүн башчысы Нурлан Шаршенбай уулу төмөндөгүлөрдү билдирди.
“Биздин электрондук каттоо системасы бир учурда миңдеген окуучуну тизмеге киргизе турган техникалык мүмкүнчүлүккө ээ эмес. Эгер каттоо учурунда көйгөй жаралса, ата-энелер 5-10 мүнөт күтүп, андан кийин катталууну улантса болот», — деп билдирди министрликтин өкүлү.
Эске салсак, былтыр мектепке онлайн-каттоо учурунда тиешелүү портал байма-бай үзгүлтүккө учураган. Платформадагы толгон-токой мүчүлүштүктөрдөн улам бир катар ата-энелер балдарын тизмеге киргизе албай убара тартышкан. Бир тобу электрондук каттоодогу талаптан улам калкты тейлөө борборлоруна кайрылууга аргасыз болгон.