Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы Кыргызстанда жаш балдардын порнографиялык материалдарын тараткан сайт түзүүгө шектелип 35 жаштагы жаран кармалганын билдирди.
Кыргызстандын Ички иштер министрлигиндеги (ИИМ) Интерполдун Улуттук бюросу Нидерланддын жана Норвегиянын күч органдары менен биргеликте өлкө аймагында балдардын сексуалдык зомбулуктарын камтыган материалдарды сактоо жана интернет, даркнет аркылуу жайылтуу фактысын аныкташкан.
Милициянын маалыматында айтылгандай, бул сайттарга кирүү крипто-транзакциялар аркылуу ишке ашырылып, аны накталай акчага алмаштырууда кыргыз жараны катышкан. Кармалган шектүүнүн жашаган жерин тинтүүдө техникалык жабдуу, компьютер жана анын ичиндеги файлдардан балдардын порнографиялык материалдары табылды.
Учурда Кылмыш жаза кодексинин 162-беренеси («Баланы порнобизнеске тартуу») менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.