• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Баткенде 2 жаштагы кызын сабаган аял камакка алынды

31 Үчтүн айы 2023 9:36 Бишкек Govori.TV

Баткенде 2 жашка толо элек кызын сабаган аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 27-январда Кадамжай районунун тургуну 1984-жылы туулган А.Б. арыз менен кайрылып, анда жарандык никеде жашап жүргөн аялы Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын тургуну Ш.М. 2021-жылы туулган А.Х. аттуу кызын уруп, зомбулук көргөзүп келгендигин билдирип, мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Тергөөнүн жүрүшүндө, жарандык никеде жашап жүргөн Ш.М. 2023-жылдын 5-январында өзүнүн кызы А.Х. уруп, уюлдук телефонуна тартып жолдошуна WhatsApp аркылуу жибергендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча жаш бала А.Х. карата соттук-медициналык жана соттук-психолого-психиатриялык экспертизалар дайындалган.

Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (баланы же алсыз абалдагы же күнөөлүүдөн материалдык же башкадан көз каранды болгон адамды уруп сабоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Кичинекей кызына карата зомбулук көрсөткөн Ш. М. 2023-жылдын 30-январь күнү Кадамжай РИИБдин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка киргизилген.

Ал эми Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы балдар иштери боюнча комиссиясынын чечиминин негизинде, Ш. М. К. аттуу жарандын үч баласы мамлекеттин камкордугуна убактылуу алынып, Кадамжай районунда жайгашкан “Кут Кадам” үй-бүлө тибиндеги балдар үйүнө Кадамжай РИИБдин милициянын көчмө кабылдамасы менен алып барылып, жайгаштырылды.

Количество просмотров: 426